Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого байланыштуу экс-депутат Динара Исаеванын уулу кармалды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында  6-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу М.А.М. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран кылмыш-жаза кодексинин 222- беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

М.А.М. Камчы Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган “Лексус LX570” үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, Камчы Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн бергени аныкталды.

Мындан тышкары, М.А.М. Камчы Көлбаев менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.М.га тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы “Бизнес Бэй”элиталык райондо жайгашкан баасы 4,5 миллион АКШ доллардан ашык болгон 24 батир аныкталды.

Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.

Маалыматтарга караганда кармалган жаран Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу, Азиз Мырзабеков.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду.

УКМК камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтору менен күрөшүүнү улантууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты