Көлбаев жана Матраимов менен байланыштуу бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду

  • 6 месяцев мурун

“Мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбек менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каржы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызматкерлер  аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

“Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек (Камчы Көлбаев) жана мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды” деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитскийдин акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты