Израил жана АКШ Иранга каршы согуштун “экинчи фазасын” баштаганын жарыялады  

  • 2 месяца мурун

АКШ жана Израил 6-мартка караган түнү Иранга жаңы сокку урду.  

Бул тууралуу АКШнын Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгынын башчысы Брэд Купер билдирди.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, согуш башталгандан бери Ирандын баллистикалык ракета менен атуу ыктымалынын 90%ын төмөндөтүүгө жана дрон менен чабуул ыктымалынын 83% пайызынын алдын алган. Ошондой эле америкалык аскерлер кеминде 30дай иран кемелерин талкалаган.  

ЦАХАЛдын башкы штабынын башчысы генерал Эяль Замир Израилдин Абадан коргонуу күчтөрү Ирандын абадан коргонуу каражаттарынын 80ин талкалап, баллистикалык ракетаны учуруунун 60% шаймандарын жок кылган.  

АКШ жана Израилдин аскер команда өкүлдөрү Иранга каршы согуштун “экинчи фазасы” башталганын жарыялады.  

“Биз абадан сокуу уруу артыкчылыгын жаратып, кокусунан чабуул коюу мнен Ирандын баллистикалык ракеталарынын мүмкүнчүлүгүнүнү алдын алган биринчи этапты аяктадык. Эми режимдин пайдубалына жана аскер дараметине каршы сокку  уруу менен биз кийинки этапка өтөбүз” деп билдирди Эял Замир  

Reuters булактары жаңы аскер кампаниясы ракета учуруу боюнча жер алдындагы инфраструктурага чабуул жасайт.  

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет чабуулду улантуу үчүн ок-дарылар жетиштүү экенин билдирди.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.

86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.

Fars News Agency  маалымат агенттиги соккуда Али Хаменеинин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини каза болгонун билдирген. Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин аялы Мансуре Ходжасте каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Али Хаменеи каза тапкан соккуда анын аялы Мансуре Ходжасте жарадар болгон.

Сүрөт: kossev.info

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты