Израил Тегерандын нефть сактоочу жайларына чабуул койду. Иран Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку урду
- 1 месяц мурун
Кувейттин жана Бириккен Араб Эмираттарынын абадан коргонуу системалары Ирандын ракетасынын жана учкучсуз учуучу аппаратарынын соккусунун мизин кайтарды. Бул тууралуу AFP басылмасы аталган өлкөлөрдүн бийликтеринин айтымы боюнча билдирди.
Учкучсуз учуучу аппарат Кувейттеги асман тиреген бийик имаратка чабуул койгондон кийин, андагы социалдык камсыздоо кызматынын кеңсеси күйүп кеткендиги айтылды. Анда эки өрт өчүрүүчү каза тапканы кабарланды. Алардын өлүмүнүн себептери дагы такталып жатат.
Бахрейндин бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, ирандык ракеталар аткылагандан кийин үч киши жаракат алган. Ошондой эле университеттин имараты жабыркаган.
Иран аскерлери Израилге бир нече ракета соккусун жиберген. Ливан тараптан да учкучсуз учуучу аппараттар аткылаган.
Израил аскерлери Тегерандын күйүүчү май сактоочу жайларына чабуул койгон. Ирандын өкүлүнүн билдирүүсү боюнча, Израил менен АКШнын соккусуна беш объект дуушар болгон. Анын ичинде 4 нефтеаза жана нефть жүктөөчү борбор. Тегеранда өрт чыккан видеолор социалдык тармактарга тарады.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.
Сүрөт: Фото: Naser Safarzadeh/WANA/REUTERS




