Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өттү
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) чакан курамдагы жыйыны өттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең, 7-августта улантылат
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
Жыйындын күн тартиби Биримдиктин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтыйт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши жана өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Адылбек Касымалиев жабык форматтагы жыйынды алып баруу үчүн сөздү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновго берди.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан чөйрөдөгү жыйынына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең, 7-августта улантылат. Күн тартибине Евразия экономикалык күн тартибиндеги он бештен ашуун маанилүү маселени кароо киргизилген.
Сүрөт: gov.kg




