Индия менен Пакистан салгылашууну токтотуу тууралуу келишимге келишти
- 1 год мурун
Индия менен Пакистан АКШнын кийлигишүүсү алдында 10-майда салгылашууну токтотуу тууралуу келишимге келишти.
Бул тууралуу биринчи болуп АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди, андан кийин Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар жана Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисра билдирди.
Тараптар аба жолдорун ачышты. Ошентип, Индия менен Пакистандын согушу 4 күнгө созулду.
Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү.
Пакистандын аймагында Индия аскерлеринин соккусунан кийин кеминде 26 киши каза таап, 46сы жаракат алды.
Ал эми Индия полициясынын маалыматы боюнча, пакистандыктардын аткылоосунан Кашмирдин Индия тарабында 10 киши каза таап, 48и жаракат алды.
Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн көп жылдан бери жаңжал болууда. Ал Кашмир жана Жаммунун Индия тарабындагы Пахалгам шаарында туристтерге кол салуудан кийин күчөгөн. Анда 26 адам каза тапкан.
Индия 9 жайды бутага алганын жарыялады.
«Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок» деп белгиледи расмий Дели.
Фото: Amarjeet Kumar Singh/Anadolu via Getty Images




