Индия менен Пакистан жаңжалынан 30дан ашык киши көз жумду

  • 1 год мурун

Пакистандын аймагында Индия аскерлеринин соккусунан кийин кеминде 26 киши каза таап, 46сы жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Ал эми Индия полициясынын маалыматы боюнча, пакистандыктардын аткылоосунан Кашмирдин Индия тарабында 10 киши каза таап, 48и жаракат алды.  

Топтун башчысы Масуд Азхар 10 тууганы  дагы төрт шериктеши көз жумганын билдирди.  

Индия террористтик лагерлерди аткылаганын билдирсе, Пакистан тарап жарандык объекттер да талкаланганын айтууда.

Пакистандын коргоо министрлиги индиялык беш истребителди жана учкучсуз учакты атып түшүргөнүн кабарлады. Индиянын учактары чек арадан өтпөгөнүн жана алар алыска атуучу курал колдонгонун белгиледи.

БУУнун байкоочулары сокку урулган Пакистандын Кашмир тарабынын борбору Музаффарабад шаарына барышты.  

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Европага — Хорватия, Нидерланды жана Норвегияга сапарын кийинкиге калтырды.  

Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү. 

Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн көп жылдан бери жаңжал болууда. Ал Кашмир жана Жаммунун Индия тарабындагы Пахалгам шаарында туристтерге кол салуудан кийин күчөгөн. Анда 26 адам каза тапкан.  

Индия 9 жайды бутага алганын жарыялады.

«Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок» деп белгиледи расмий Дели.

Сүрөт: AFP

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты