ТИМ Индия менен Пакистан мамилесинин курчушуна байланыштуу билдирүү таратты

  • 10 месяцев мурун

Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына терең тынчсыздануусун билдирет.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Достук мамиледеги өлкөлөр, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат. Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырат. Ошондой эле маселени тынч жол менен чечүүгө багытталган диалогду калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Биз эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган БУУнун резолюцияларын сактоонун маанисин баса белгилейбиз” деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды да  жоопкерчиликке чакырып, ШКУнун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт.

Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет.

7-майга караган түнү Кашмирдин Пакистанга караган бөлүгүндө бир нече ирет жардыруу болгонун Reuters агенттиги билдирди. Индия 9 жайды бутага алганын жарыялады.

«Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок» деп белгиледи расмий Дели.

Сүрөттө: КР ТИМ имараты. Расмий сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты