Кыргызстан-Пакистан: Товар жүгүртүү көлөмүн 200 млн долларга чейин көбөйтүү каралууда
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн эки жылдын ичинде 200 млн АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча макулдашты.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында айтлат
Кыргыз Республикасынын жана Пакистандын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда тиешелүү документке кол коюшту.
Документ соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн учурда болгон потенциалын ачууга багытталган.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




