Кашмирдин Индия тарабында куралчандардын огунан 26 киши каза тапты
- 1 год мурун
Кашмирдин Индия тарабында 22-апрелде куралчандар туристтерди карай ок чыгарып, андан 26 киши каза тапты жана 17си жарадар болду.
Би-Би-Си агенттигинин индиялык ЖМКга шилтеме берип, билдирүүсү боюнча, каза тапкандардын экөө чет өлкөлүктөр, Непал жана БАЭден, калган туристтер Индиянын ар кайсы аймактарынан.
Маалыматтар боюнча, ок чыгарылган Пахалгам аттуу жерге туристтер көп каттайт. Негизинен мусулман калк жашайт.
Кол салуу Пахалгамга бараткан жолдо Байсаран аттуу көк майсанда болгон. Бул жерди “жергиликтүү Швейцария” деп да атап коюшат, Болливуд кинолорунда ушул жер көп тартылган. Ал жакка ат минип же жөө гана барууга болот.
Ал жердеги ок атууга жоопкерчиликти “Кашмирдин каршылыгы” куралчан тобу алган, ал анча деле белгилүү топ эмес. Аталган топ социалдык тармакка чоочундар көбөйүп баратканын, 85 миңден ашык болуп кеткенин билдирген.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул окуяны террористтик чабуул деп атаган.
Кашмир үчүн Индия менен Пакистан 80 жылдан бери араздашып келе жатат.
Сүрөт: Reuters




