Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жабык өтүп жатат

Бишкек шаарынын Свердов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жабык түрдө өтүп жатат.  

Судья Акылбек Адимов чогулгандарга кайрылып, сот андан ары жабык өтөрүн айтып, ЖМК өкүлдөрүнө, чогулгандарга залдан чыгууну сунуштады.   

Ошондой эле бүгүн ушул иштин алкагында Болот Назаровдун да соту болору күтүлүүдө.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров тергөөчүнүн чечими менен анын паспорттору жараксыз деп табылганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка караганда, ал кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө.

19-апрелде Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдап, муну бийликтин басымы катары баалаган. Журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Сүрөт: Соттук отурумдан. 18-май, 2022. «ПолитКлиника».  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты