Иликтөөчү журналист Болот Темировго дагы үч кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист, Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темировго дагы үч кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Болот Темиров Фейсбук баракчасында билдирди.   

Акыркы кылмыш иштерин ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абаддда бир канча тендерди утуп алгандыгы тууралуу журналисттик иликтөө менен байланыштырат.  

 

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишкен. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты