Милиция Болот Темировдун кылмыш иштери тууралуу түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Болот Темиров кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документти жасалмалоо), 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча шектелүүдө.

Маалыматта Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп, мыйзамды бузуп, жалган документтер менен Кыргызстан жарандыгын алганы, паспортун бир нече жолу алмаштырганы жана ошол документ менен бир нече жолу чек арадан өткөнү айтылат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул маалыматтар кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде быйыл январда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) козголгон кылмыш ишти тергөөнүн алкагында аныкталганын билдирген.

Мурдараак Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун билдирип, муну бийликтин басымы катары баалап, журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал бүгүн, 20-апрелде суракка чакырылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Айыптар жана беренелер боюнча расмий маалымат азырынча жок.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты