Болот Темиров: «Тергөөчүнүн чечими менен менин бардык паспортторум жараксыз деп табылды»

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров тергөөчүнүн чечими менен анын паспорттору жараксыз деп табылганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Болот Темиров: «Тергөөчүнүн чечими менен менин бардык паспортторум жараксыз деп табылды» #58628
Болот Темиров: «Тергөөчүнүн чечими менен менин бардык паспортторум жараксыз деп табылды» #58628 (preview)

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты