Кыргызстандын оппозициялык уюму Болот Темиров боюнча билдирүү таратты

  • 2 года мурун

«Кыргызстандын бириккен демократиялык кыймылы» оппозициялык уюму иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш ишинин козголушуна, суракка чакырылышына байланыштуу кайрылуу жасады.

Кайрылууда Болот Темировго карата жаңы иш козголушун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдарынын тендерлерди утуп баштаганы тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн чыгышына байланыштырган. Мындай аракетти журналисттерге каршы куугунтук катары баалап, бийликке бир катар талаптар коюлган.

«Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден Болот Темировго карата куугунтукту токтоосуз токтотууну, Курманкул Зулушевден Темировдун жана башка журналисттердин иликтөөсүндөгү бардык фактыларды текшерүүнү баштоону, кылмышка тиешеси барлардын баарын жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз»деп айтылат кайрылууда.

Мурдараак Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка караганда, ал кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө. Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп мыйзамды бузуп, жалган документтер менен Кыргызстан жарандыгын алганы, паспортун бир нече жолу алмаштырганы жана ошол документ менен бир нече ирет чек арадан өткөнү айтылат.

19-апрелде Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдап, муну бийликтин басымы катары баалаган. Журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал бүгүн, 20-апрелде суракка чакырылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты