Эл аралык уюмдар Болот Темировго коюлган айыптарды алып салууга чакырышты

  • 2 года мурун

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналист Болот Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердигин коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө чакырышты.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) кыргызстандык журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштеринин саясий жүйөсү бар экенин белгилеп, кайрылуу жолдошту. Кайрылуу 3-майда Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Темировго козголгон кылмыш иштери Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу доо кетиргени айтылат.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Жыл башында Бишкек милициясы Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтып келатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты