ИИМ: Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы чындыкка дал келбейт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча уюштурган брифингинде чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылды.

Алардын айтуусунда, Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандарды жарандыгына карабай, аларга карата мыйзамсыз? зомбулук аракеттери колдонулган: аларды сабап, белгисиз тарапка алып кетүү.

Буга байланыштуу, Кыргызстандын ички иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү чындыкка дал келбестигин жана эч кандай фактылар менен тастыкталбаганын билдирет.

Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта реалдуу түрдө болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес. Биздин республикада 80 ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан Мекени болуп эсептелет.

Мамлекетибиздин аймагында жашаган жарандардын укуктары жана эркиндиктери республиканын Конституциясы, мыйзамдары менен корголот. Эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине же башка жагдайларга карата басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты