Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 164кө жетти

  • 2 года мурун
Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 164кө жетти

Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 164кө жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча 59 адам курман болду. Баткен облусунда болгон согуштук аракеттерге байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмдарына 164 адам кайрылып, алардын 20сына амбулатордук дарыланууга, калгандарын ооруканага жаткырылган.

Жардам сурап кайрылган жабырлануучулардын 12си балдар, 129у эркектер, 13ү аялдар.

Баткен облусунда 42 жабырлануучу саламаттыкты сактоо мекемелеринде дарыланууда, 102 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган:

  1. Улуттук госпиталь – 71;
  2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;
  3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;
  4. Тез жардам ооруканасы — 9;
  5. Ош облустук бириккен ооруканасына – 4;
  6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы — 2.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты