HRW уюму Кыргызстандагы адам укугу боюнча абалга тынчсыздануусун билдирди

  • 2 месяца мурун

Human Rights Watch (HRW) уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Кыргызстанда сунушталып жаткан “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы жана 11 журналисттин камалышы жөнүндө сөз кылып, адам укугунун абалынын начарлап жатышына тынчсыздануусун билдирди.

Ал бул тууралуу Х (Twitter) баракчасында жазды.

Анда уюм Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен жолугууга даяр экенин билдирди.

23-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоп, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 20-февралда каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган. Милиция камалган журналисттерди “массалык башаламандык” беренеси менен айыптап жатат. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты