Адам укуктарын бузган пранк, видеолор көбөйдү. Бишкек милициясы кайрылуу жасады
- 3 недели мурун
- Видео
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы блогерлерге, видеомейкерлерге жана социалдык тармактарда контент жаратуучуларга мыйзам сактоону эскертти.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Акыркы убакта коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурган жана алардын укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана сахналаштырылган видеолор көбөйдү.
Контент жайылтууда мыйзамды бузбоо керек. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат.
Бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын урматтап, жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз. Контент түзүүдө сөз эркиндиги адамды өз иш-аракетинин кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен бошотпой турганын унутпаңыз” деп айтылат билдирүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




