“Чет элдик өкүл” долбоорунан кылмыш-жаза жоопкерчилиги алынды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде депутат Надира Нарматова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

«Жалпы жарандык коомдун, эл аралык эксперттик топтордун сунуштарын эске алып, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген сунушту толугу менен алып салууга толугу менен макул болдук», — деди Нарматова.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорундагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.

Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүгө ылайык, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылса үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

14-февралда комитет жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштаган.

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыгып, биринчи окууда жактырылган. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты