“Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору кайра комитетке кайтарылды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 14-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине коюлган “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору кайра комитетке кайтарылды.

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетине кайра артка кайтарды.

Мындай сунушту парламенттин 14-февралдагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев сунуштап, колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди өзгөртүү керек экенин айтты.

“Демилгечилер да коомчулуктун үнүн угуп, кайра карап чыксак жакшы болмок. Мыйзам долбоорунун экинчи беренесинде “жарандардын инсандыгына жана жарандыгына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдарды түзүү үчүн жоопкерчиликти кароо” сунушталган. Ал беренеде кылмыш жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап атам” деди ал.

Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынып салынган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

2023-жылы 25-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. жана мыйзам долбоору талкуусуз эле биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н., Айжигитов С., Исаева Ж., Садырбаева Ж., Култаева Г., Кыдыкбаев Ж., Сулайманов К., Ханджеза К., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А., Сарыбашов Т., Исмаилов Ф., Кенжебаев А., Матраимов И., Мамасадыков З., Ражабалиев Н., Эрбаев А., Токторбаев Ж., Түмөнбаев А.

Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыгып, кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбеши керек экенин белгиледи.

-Коркунучтуусу коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун өзүндө эмес, “чет элдик өкүл, чет элдик агент” деп атоодо да эмес, мындагы кылмыш жоопкерчилигинде. Адегенде административдик кодекс болуш керек, кылмыш жоопкерчилиги киргизилгени жатат. Коркунучтуу маселе ушул жерде. Кылмыш жоопкерчилиги болбош керек, -деди Кожокулова.

Ошондой эле депутат Кожокулова мыйзам долбоорунда бир да экспертиза жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Надира Нарматова бир катар экспертизалар бар деп айтууда.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты