Доха шаарында ТИМ жетекчилеринин катышуусунда Катар жана Газадагы абал талкууланды  

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-сентябрда Доха шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинин алдында тышкы иштер министрлеринин кеңешинин өзгөчө сессиясына катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери Катар мамлекетиндеги акыркы окуяларды жана Газа секторундагы учурдагы абалды талкуулашты.

Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотууга, ошондой эле аймакта туруктуу тынчтыкты орнотууга багытталган координацияны күчөтүү жана биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салуу чечимине каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.

Толкундоолордон улам, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли отставкага кетти. 

Буга чейин Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды. 

Непалдагы массалык толкундоолордо каза болгондордун саны 25 кишиге жетти, 633 киши жаракат алды. Бул тууралуу 10-сентябрда Reuters агенттиги билдирди.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты