“Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт”. Президент тергөө абак жайларындагы абал боюнча маек берди  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде акыркы кездердегы абак жайларындагы абал тууралуу суроого жооп берди.

-Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат. Мамлекеттик кызматтагылар көп алданышат экен. Алыс барбай эле менин айлана-чөйрөмдөгү алданып калгандардан мисал келтирейин. «Сизди президент баланча кечеге чакырды. Баарыбыз баланча суммадан акча чогултуп жатабыз, тез арада кошо кал» деп эркиндикте жүргөн жакындарын же тааныштарын жиберсе, 30 миң, 50 миң сомдон бере салган мамлекеттик кызматкерлер бар,-деди президент.  

Ошондой эле криминал бар өлкө эч качан өнүкпөй турганын жана инвесторлор да келбесин белгиледи.

-Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат.

Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү. Мурдагыдай инвесторлорду, бизнесмендерди тоногон криминалдар болбош керек. Эгер кимдир бирөөлөр бизнесмендерден, ресторандардан, базар ээлеринен «үлүш, отметка» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула.

Ошондой эле мамлекет башчы жакынкы 2-3 жылда түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачыларын айтты.

-Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз, -деди Садыр Жапаров.

Башкы прокуратура билдиргендей, 20-декабрда жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Анда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар тинтүү маалында мекеме кызматкерлери тарабынан күч колдонуу фактылары болгондугун билдиришкен. Бул фактылар каттоого алынып, тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде мыйзамсыз сакталып жүргөн буюмдарды аныктоо максатында тинтүү иштери жүргүзүлгөн учурда, айрым айыпталуучулар жана соттолгондор ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшкөн жана бул боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн. Тинтүү иштери учурунда жалпы 87 даана уюлдук телефон алынган, анын ичинен 68 телефон тинтүү жолу менен табылса, 19 телефонду камактагылар өз эрки менен тапшырышкан.

Ошондой эле айыпталуучулардын, соттолгондордун денесинде жаракат бар-жогун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилет.

Сүрөт: president.kg

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты