Президент адам укугу тууралуу. «Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок”.
- 3 недели мурун
- Баяндар
Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде укук коргоочу Азиза Абдирасулованын чет өлкөгө кеткендигин комментарийледи.
«Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай жөн эле келе берсин» деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров өлкөдө адам укугу сакталарын, курултайда донорлордон эбегейсиз көп акча алып, жалган отчет берип жаткандарын эле айтканын белгиледи.
«Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым» деди Жапаров.
«Мисалы, милициянын жооптуу кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кайсыл бир кылмышкердин колунан мыкаачылык менен өлтүрүлсө, ага жетиштүү далилдер болуп турса, “адам укугу” деп эле ал мыкаачыны коргоого алуу канчалык туура? Албетте, эл аралык ченемдер, талаптар боюнча алардын да укугу корголушу керек. Бирок бул айдан ачык кылмыш жасаган мыкаачыны каратып туруп эле коргоого алуу менен барабар да. Анан алардын сотуна катышып коюп эле биз адам укугун коргоп жатабыз деп отчёт бере беришет. Карапайым калктын укугун коргосо биз да сүйүнөт элек. Донор болуп акча бере албасак да кош колдоп колдойт элек».
Президент Кыргызстанда адам укуктары сактала тургандыгын, сөз эркиндиги бар экенин билдирди:
«Мен дайыма айтып келем, Кыргызстанда адам укуктары сакталат, сөз эркиндиги да бар, каалаганын айтышсын. Азыр дагы кайталайм. Мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп келишет. Алардын көз жаздымынан байкалбай өтүп бараткандары болсо, журналисттер, укук коргоочулар далилдери менен айтып чыгышсын. Коррупция менен күрөшкөнгө жардам беришсин. Буга эч кандай чектөө жок. Тескерисинче бизге жардам болот. Жарандарыбыз жүйөлүү сын-пикирлери менен каалаганын сындай берсин. Болгону жалган жалаа, ушак-айың же далили жок эле бирөөлөрдү каралоого жол бербейли деген эле кеп. Калп эле сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолорго жамынып алып, тымызын элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка чакырык жасагандарды токтотушубуз керек» деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
“Кылым шамы” уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгисиз адамдардын келип түшкөн чалуулары, коркутуулар жана интернеттеги мазактоолордон улам Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткендигин ырастады. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген.
«Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуулар, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, «курултайга чакырылган» дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир» дейт укук коргоочу.
Эске салсак, 21-декабрда үчүнчү Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жана «Кылым шамы» уюму тууралуу сын-пикир айткан эле.
«Азиза Абдрасулованын “Кылым шамы” уюму 2018-жылы Вашингтондон (АКШ) 8 миллион 586 миң 844 сом алган. 2018-жылдан бери уюм жалпысынан 21 миллион 168 миң 608 сом алган. Мен билишимче, “Кылым шамы” уюмунда апасы менен кызынан башка эч ким жок. Апасы пенсияга чыгып, кызына өткөрүп берген. Мына, НПОлордун кылгандары. Бул акчалардын отчетун эптеп-септеп, оюна келген цифраларды жазып туруп, “мына, биз муну кылып атабыз, тигини кылып атабыз деп отчет кожоюндарына отчет жөнөтүп коюшат. Кожоюндары “жакшы иш кылып жатат экен” деп буларга ишенип отурушат. Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалымат таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат» деген Садыр Жапаров.
Буга чейин укук коргоочунун үйүнүн алдында белгисиз адамдар тараптан коркутуулар болуп, өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан эле.
Сүрөттө: Азиза Абдирасулова. Интернет булактарынан