Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүүдө

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстан Таиланд менен Камбоджанын чек арасында орун алган кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүүдө.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматта “Эки өлкөнүн тең элдери менен түзүлгөн достук мамилени эске алып, тараптардын тез арада тынчтыкка жетишүүсүнө үмүт артабыз. Биз эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”  деп айтылат.

Министрлик Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин “ыкчам байланыш” телефонуна: +996 999 312002 (WhatsApp) кайрылса болот.

Таиланд менен Камбоджанын чек арасында артиллерия жана авиацияны колдонуу менен  салшылашуу улантылууда. Аскер адамдарынын жана жарандардын арасында каза болгондор ондоп-жүздөп саналары ЖМКда жазылууда. Таиланддын чек арага жакын жерлеринен 100 миңдей адам, Камбоджа тараптан 40 миң адам эвакуацияланды.

Салгылушуу эки өлкөнүн талаштуу чек арасын бойлогон Дангрэк тоосунда, Түштүк-Чыгыш Азиянын борборунда болууда.    

24-июлда Таиланд менен Камбоджа бири-бирин чек арада атышууга күнөөлөдү деп билдирди Reuters. Атышуу 24-июлда эртең менен Та Моан Тхом талаштуу храмынын жанында болгон.  

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты