БУУ комитети Чолпон Жакупова менен Нарын Айыптын укугу бийлик тарабынан бузулганын билдирди

  • 2 месяца мурун

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлиги тарабынан укук коргоочу жана юрист Чолпон Жакупованын жана журналист Нарын Айыптын укугу бузулганытууралуу чечим кабыл алды.

Анда аталган БУУ комитети Жакупова жана Идиновго (Нарын Айып) өлкөнүн президентинин кадыр-баркына доо кетиргендиги боюнча башкы прокурор аркылуу 2017-жылы доо келтирилген ишти карагандыгы айтылат.

2017-жылы башкы прокурор Индира Жолдубаев Zanoza.kg. сайтына 27 млн сом доо келтирген. Ошол доодо “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова тегерек столдо басма сөз эркиндигине бийлик тарабынан басым болуп жаткандыгы тууралуу сын айткан. Ал эми Нарын Айып ошол текстти Zanoza.kg.сайтына жарыялаган. Андан кийин башкы прокуратура алардын ар биринен 3 млн сомдон президентке компенсация үчүн доолаган. Алардын мүлкү  камакка алынып, чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

БУУнун Адам укугу боюнча комитети укук коргоочу Чолпон Жакупова менен журналист Нарын Айыптын укугу бузулган деген тыянакка келди. Комитеттин пикири боюнча, коомдогу маанилүү тема боюнча президентти сындоо мыйзам бузууга жатпайт, өзгөчө ал эл назарындагы адам өзүнүн ишмердигинде ар кыл коомдук баа берүүлөргө даяр болушу керек.

Ошондой эле комитет ал адамдарга салынган санкциялардын өлчөмү да акылга сыйбай тургандыгын белгиледи, андай компенсация үчүн сумманы төлөө үчүн Нарын Айып 31 жыл бою болгон кирешесин бериши керек болчу. Сот компенсациянын өлчөмүнүн да анчалык жогору болушунун себебин да айткан эмес. Аны менен бирге эле чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу да негизсиз, ал экөө тең сот жоопкерчилигинен баш тарткан эмес.     

БУУ комитети доого жыгылган тараптарга кеткен чыгымды төлөп берүү, бул жааттагы мыйзамдарды карап чыгуу сунушталды.  

2017-жылдын 20-апрелинде Башкы прокуратура Кыргызстандын ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деген арыз менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. Жоопкер Чолпон Жакупова, Нарын Айып жана Дина Маслова эле. Доо берген тараптын өкүлү Р. Абдырахман ошол эле күнү “Zanoza.kg”  сайтынын жаңылыгын блокировка кылуу, Жакупова, Идинов жана Маслованы иштин акырына чейин Кыргызстандын чегинен чыгарбоо, Жакуповага тиешелүү болгон Кара-Ой айылындагы коттеджди камакка алуу боюнча доо менен кайрылган. Ишти биринчи караган Октябрь райондук соту К. Архарова 26-апрелде арызды карап, доогер тараптын өтүнүчүн орундаткан чечим кабыл алган. Буга макул эместигин билдирип, жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна арыз жазган.
Жалпысынан “Zanoza. kg” сайтынын үстүнөн Башкы прокуратура 5 доо арыз менен сотко кайрылган. Анын негизинде журналист Нарын Айыптын квартирасы камакка алынган.

Чолпон Жакупова азыр да “Адилет” укук клиникасын жетектейт, ал эми Нарын Айып 2025-жылы 13-февралда кайтыш болуп калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты