Грузин парламенти чет элдик агент мыйзамына коюлган вето боюнча 28-майда добуш бериши мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Грузия парламентиндеги «Грузин кыялы» жана ага өнөктөш фракциялар президенттин «чет элдик агент» мыйзамына койгон ветосун юридика комитетинде каралгандан кийин жеңип өтүүгө ниеттенип жатат.

Болжол менен бул маселе боюнча добуш берүү 28-майда өтөт. Бул тууралуу «Азаттыктын» грузин кызматына парламенттик канцелярияга келип түшкөн документтерге таянып парламент аппаратынан билдиришти.

20-майда өлкө премьер-министри Ираклий Кобахидзе бийликтеги партия Европа кеңешинин конституциялык укук боюнча Венеция комиссиянын корутундусунан кийин документти талкуулоого даяр болгонун, бирок президент Саломе Зурабишвили мыйзам долбооруна вето коюу менен «талкуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жаап койгонун» билдирди.

Өз кезегинде Грузиянын Европа биримдигиндеги мурдагы элчиси, парламенттеги оппозициялык «Лело» фракциясынын мүчөсү Саломе Самадашвили президент «Конституцияга жана өлкөнүн европалык багытта өнүгүүсүнө караманча каршы келген» мыйзам долбоорунун айрым нормалары боюнча маанисиз талкууларга катышпай, туура кылганын белгиледи.

Парламенттик көпчүлүк үчүн президенттин ветосун жеңип өтүү оорчулук деле жаратпайт, бул үчүн ага 76дан ашык добуш жетиштүү болот. Буга чейинки добуш берүүлөрдө «Грузин кыялы» жана ага өнөктөш деп эсептелген консервативдик «Элдин күчү» фракцияларынын биргелешкен добушу 84кө жетип келген.

Ал арада Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, Франциянын мамлекет башчысы Эмануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги, америкалык конгрессмендердин тобу жана Грузиянын башка өнөктөштөрү «өлкөнүн европалык багытта өнүгүүсүн сактап калуу үчүн» Тбилисини президенттин ветосун жокко чыгарбоого чакырышкан.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары «чет элдик өкүл» мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Мыйзам парламентте 84 «макул» жана 30 «каршы» добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето коюп, бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты