Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгон жаран чет өлкөдөн алынып келинди
- 1 месяц мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Интерпол улуттук борбору менен бирге маркум Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгон жаранды кылмышка шектүү катары Грузиядан кармап келди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы 14-июлда билдирди.
Грузиядан Кыргызстанга алынып келинген жаран 1994-жылы туулган А. у.Э. маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү, уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу боюнча айыпталып, эл аралык издөөга алынган.
2019-жылы А.у. Э. жакын санаалашы М.Т.А. менен бирге Чаткал жана Ала-Бука райондорунда тоо кен тармагында мыйзамсыз иштер менен алектенгендиги аныкталган.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун каржылоосуна жергиликтүү элден акча опузалаган.
Тергөө иштери улантылууда.
Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




