Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзенин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү

Бүгүн, 12-июнда, Бишкекте президент Садыр Жапаров расмий сапар менен өлкөгө келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту.

Садыр Жапаров азыркы расмий сапар грузин тараптын Кыргызстанга жогорку деңгээлдеги жасаган алгачкы расмий сапары экендигин белгилеп, кыргыз-грузин мамилелеринин тарыхындагы жаңы этаптын башталышы катары баалады.

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорт-логистикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну камтыган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулады.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Өзгөчө көңүл эки мамлекеттин транспорттук байланышы жана транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Президент Садыр Жапаров Грузия уникалдуу географиялык абалы жана Кара деңиздеги өнүккөн порттук инфраструктурасы менен Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук байланышты камсыздоодо маанилүү роль ойногондугун айтты. Буга байланыштуу эки өлкөнүн транспорт жана логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ.

“Атап айтканда, 2024-жылдын июнь айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюуга жетиштик. Аталган долбоорду ишке ашырууга 9 миң жумушчу жана 6 миңден ашуун техника тартылды. Бул долбоор аймактагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп, Евразия мейкиндигиндеги заманбап транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланат” деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу региондогу негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири жана эл аралык транспорттук коридорлордун маанилүү элементи болорун баса белгиледи. Анын айтымында, долбоор аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жана андан ары Грузиянын деңиз портторуна кеткен маршруттар боюнча жүк ташуунун көлөмү бир нече эсе көбөйөт, бул соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жана Евразиянын транспорттук маршруттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе соода-экономикалык, айыл чарба, туризм, маданият, спорт, экология жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-июнда Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты