Грузияга кирүүгө жаңы талаптар киргизилди   

  • 2 недели мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Грузия тарабынан чет элдик жарандар үчүн жаңы кирүү талаптары киргизилишине байланыштуу билдирүү жасады.

Бул талап Грузиянын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизилген жана туристтик, ишкердик, жеке максаттардагы сапарларга колдонулат.   

Камсыздандыруу полисти Грузиянын же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларында тариздесе болот жана грузин же англис тилинде кагаз/электрондук түрдө көрсөтүлүшү керек.  

Камсыздандыруу чыгымынын минималдуу суммасы 30 000 грузин ларисин (GEL) түзөт. Камсыздандыруу полисте төмөнкү милдеттүү маалыматтар камтылышы зарыл:    

— камсыздандыруу келишиминин тараптары;

— камсыздандыруунун колдонуу аймагы;

 — камсыздандыруунун максаты;

— камсыздандыруунун башталышы жана аяктоо даталары;

 — камсыздандыруу тобокелдиктери;

— камсыздандыруу төлөмдүн суммасы;

— камсыздандыруу кошумча акысынын өлчөмү;

— төлөмдүн орду жана шарттары.   

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Министрлик Грузияга барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы кирүү эрежелери менен алдын ала таанышып чыгууну, ташуучулардын жана чек ара кызматтарынын кошумча талаптарын эске алууну жана сапарга чыкканга чейин медициналык камсыздандырууну алууну сунуштайт. Бул документ чек ара көзөмөлүндө талап кылынышы мүмкүн болгондуктан, аны кагаз түрүндө да алып жүрүү сунушталат. 

Министрлик миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо, анын ичинде камсыздандыруу полисинин, жарактуу паспорттун, кайтып келүү билетинин жана жашай турган жерди брондоону тастыктаган документтердин болушу керектигин белгилейт.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты