Грузиянын президенти чет элдик өкүл тууралуу мыйзам долбооруна вето койду

  • 2 месяца мурун

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили “Чет өлкөлүк таасирдин айкындуулугу” (Чет элдик өкүл)  тууралуу мыйзамга вето койду.   

Бул тууралуу ТАСС билдирди.

“Мен бул “орусиялык” мыйзамга вето койдум. Бул негизи жана духу боюнча — орусиялык. Ал биздин Конституцияга жана европалык стандарттардын баарына каршы келет, андыктан биздин европалык жолубузда тоскоолдук жаратат. Бул мыйзам эч кандай өзгөртүүгө же жакшыртууга жатпайт, ошондуктан вето гана керек. Бул мыйзам четке кагылышы зарыл” деди президент Зурабишвили басма сөз жыйынында.   

Эгер парламенттин көбүрөөк бөлүгү мыйзамды кабыл алууга макул болсо, анда вето таасир көрсөтө албайт. Paper Kartuli Телеграм-каналы белгилегендей, 79 добуш керек, ал эми мыйзамды 84 парламентарий колдоп, 30у каршы чыккан.

Аталган Телеграм-канал дагы бир жагдайды белгиледи: Мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМК Конституциялык сотко коллективдүү арыз жаза алат. Конституциялык сотто мыйзамдын күчү токтотулушу мүмкүн. Ошондуктан бул дагы бир нече жумадан бир нече айларга созулуп кетиши ыктымал.  

Каршылык акцияларына карабастан, Грузия парламенти 14-майда чет элдик өкүл тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Дээрлик бир ай борбор шаар Тбилисиде он миңдеген кишилер катышкан митингдер уюштурулган.

Сүрөттө: Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты