Грузия парламенти чет элдик өкүл тууралуу чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Каршылык акцияларына карабастан, Грузия парламенти чет элдик өкүл тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ал эми нааразылыктар дагы эле токтогон жок. Полиция каршылык акциясынын катышуучуларын кармай баштады.  

Дээрлик бир айдан бери борбор шаар Тбилисиде он миңдеген кишилер катышкан митингдерди уюштуруууда.

Митингчилер менен полиция да бир нече жолу кагылышып, аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка химиялык зат чачып, суу бүркүүчү автомашиналарды колдонгон.

Талаштуу мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда карап, кабыл алган.

Сүрөт: RFE/RL

Видео: NEXTA LIVE

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты