Кыргызстанга Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе келди
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган.
Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасына жасаган биринчи расмий сапары.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




