Кыргызстан-Грузия: Бир катар документтерге кол коюлду
- 4 недели мурун
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 12-июнда, бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Кыргыз Республикасынын жана Грузиянын авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Мамлекеттик мүлк агенттигинин ортосунда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Грузиянын Улуттук азык-түлүк агенттигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандуму;
— Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы;
— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Грузиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министрлигинин ортосунда радиациялык коргоо, ядролук коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар министрлигинин ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алдын ала алмашууну уюштуруу тууралуу макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлигинин ортосунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму;
— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Грузиянын Юстиция министрлигинин ортосунда укуктук чөйрөдөгү кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-июнда Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары менен келди.
Бүгүн, 12-июнда, Бишкекте президент Садыр Жапаров расмий сапар менен өлкөгө келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту.
Сүрөт: president.kg




