Шарль Мишель: «Грузия президентинин ветосу мыйзамды талкуулоого мүмкүндүк берет»

  • 2 месяца мурун

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Грузияда «чет элдик агент» мыйзам долбооруна вето коюлушун ой жүгүртүүгө берилген убакыт катары колдонуп, аны туура пайдаланууга чакырды.

«Мен Грузиянын бардык саясатчыларын жана лидерлерин бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга жана Грузиянын эли колдогон европалык багытта калышын камсыздоого чакырам» деп жазды ал 18-майда Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Өткөн жылы декабрда Евробиримдик Грузияга бул уюмга талапкер макамын берген, ошону менен катар ал мүчөлүккө карай кадамдарын илгерилетиши үчүн бир катар саясий сунуштарды аткарышы керек экенин билдирген. Мисалы, шайлоо жараяндарынын эркиндигин жана адилеттигин камсыздоого, “Евробиримдикке жана анын баалуулуктарына каршы” багытталган жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө, борбордук банк жана коррупцияга каршы органдар сыяктуу мамлекеттик институттардын көз каранды эместигин коргоого үндөгөн.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган “чет элдик агент” мыйзам долбооруна 18 майда вето койду жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгиледи.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары «чет элдик өкүл» мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

НАТО бул мыйзамды Грузияны «европалык жана евроатлантикалык интеграциядан алыстатып жаткан», «туура эмес багытты көздөй кадам» деп атады.

Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун башынан эле айтып келген. Бирок «Грузин кыялынын» жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун жеңип өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

Мыйзам парламентте 84 «макул» жана 30 «каршы» добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты