Жогорку сот Өмүрбек Бакировду добуш сатып алуу ишинде актады
- 4 месяца мурун
Жогорку сот мурдагы депутат Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.
2024-жылы Ноокат райондук соту аны 2021-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо добуш сатып алган деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып салган.
Кийин бул чечимди Ош облустук соту күчүндө калтырган.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңешке Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округунан шайланып келген. Аны 2023-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы мандатынан ажыраткан. Бакиров мындай чечимди Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергени менен байланыштырган.
2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.
Сүрөт: Интернет булактарынан




