Фархадбек Алимжанов боюнча депутаттык комиссия курамы тиешелүү добуш алган жок

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңеште “Альянс” фракциясынан Фархадбек Алимжановдун диплом чырына байланыштуу БШК тарабынан депутаттык мандатnан ажыратылышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу өтүп, бирок анын курамы тиешелүү добуш  ала албай, бекитилбей калды..

Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чакырылып, Фарходбек Алимжановдун диплом чырына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай деди:  

«5-июлда Билим берүү министрлиги жөнөткөн маалыматта Ош мамлекеттик университети Алимжановго диплом берүү боюнча 2016-жылдын 23-июнундагы буйрук жокко чыгарылып жатканын билдирген. Анткени аны берүүдө одоно мыйзам бузуулар болгон деп жазылган. Министрлик депутаттын экинчи диплому да жараксыз экенин тактады. Себеби экинчи жогорку билим биринчи дипломдун негизинде кыскартылган мөөнөттө берилген. Ошондуктан президенттин алдындагы башкаруу академиясынын экинчи дипломду берүү боюнча буйругу да чыгарылганын айтышты. Мунун баары расмий каттагы маалыматтар» деди Шайлдабекова.

Фракция лидери Жанарбек Акаев Алимжановдун дипломуна байланыштуу айыптар негизсиз экенин белгиледи:

«Фракция БШКнын чечимдерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимин чыгардык. Фархадбек Алимжанов алты миңге жакын добуш алып, парламентке келген депутат. Ал өзү окууга катышып, мамлекеттик сынактарга барганын, чогуу окуган адамдары аркылуу ЖМКларга маалымат берип, далилдеди» деди Акаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын — Фархадбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловдун мандатынан 6-июлда ажыраткан. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты