УКМК БШКга Жогорку Кеңештин эки депутатынын жасалма диплому тууралуу маалымат берди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жогорку билим тууралуу дипломдун аныктыгын текшерүүнүн жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин эки депутатынын жасалма диплому тууралуу шектелгендиги тууралуу маалымат берди.  

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта УКМК БШКга Жогорку Кеңештин “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынан депутат Фархат Даткабаевич Исмаилов жана “Альянс” фракциясынан Фарходбек Айбекович Алимжановдун дипломдору жасалма экенине шектелип жатканы айтылат.   

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин Президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

БШК жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты