Депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов шаардык сотко кайрылды
- 1 год мурун
Депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов Бишкек шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу шаардык басма сөз кызматынан тастыкташты.
Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду (“Альянс”) 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломдору жасалма деп табылганы себеп болгон.
Исмаилов Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, арызы канааттандырылган эмес.
Муну бөлүшүү