Депутаттык мандатынан ажыратылган Исмаилов менен Алимжанов БШКнын чечими боюнча сотко кайрылды

  • 10 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына таянып жазды.

Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт”, — деп билдирген Жылкыбаев.

Бишкек шаардык административдик соту дагы бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленгенин билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломдору жасалма деп табылганы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты