Эркин журналист Канышай Мамыркулованын соту жылдырылды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 6-октябрда, Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум болмок. Бирок отурумга котормочу келбей калганына байланыштуу, сот иши кийинкиге калтырылды. Отурум  24-октябрга белгиленди.

Буга чейинки соттук отурумда журналисттин адвокатына кыргыз тилинен орусчага которууга котормочу керек экени айтылган.

11-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Мамыркулованын соттук иши каралды. Журналисттин адвокаттарынын бири соттук отурумда ага расмий тилде сүйлөөгө уруксат сурады. Сот аны канаттандырган жок жана кийинки жолу котормочу дайындоону тапшырды. Ошол себептен сот 6-октябрга жылдырылган.    

3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулду.

Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Мамыркулованы 8 жылга эркинен ажыратууну ажыратууну өтүндү.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты