Журналист Канышай Мамыркулова 6 жылга эркинен ажыратылды. Төрт жыл пробация чечими чыкты
- 2 недели мурун
Бүгүн, 3-июлда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эркин журналист жана активист Канышай Мамыркуловага өкүм чыкты. Райондук сот Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулду.
Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Мамыркулованы 8 жылга эркинен ажыратууну ажыратууну өтүндү.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.
2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Сүрөт: Интернет булактарынан