Прокурор Канышай Мамыркулованы 8 жылга эркинен ажыратууну сурады
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук угуулар уланууда. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын маалыматына ылайык, бүгүнкү соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Мамыркулованы 8 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Эске салсак, Канышай Мамыркулова быйыл 20-мартта Бишкек шаардык милициясы тарабынан кармалган. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.
Журналист өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Кийинки соттук отурум 3-июлга белгиленди.
Муну бөлүшүү




