Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын соту 6-октябрга жылдырылды

  • 10 месяцев мурун

11-сентябрда Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын соттук иши каралды.

Журналисттердин адвокаттарынын бири соттук отурумда ага расмий тилде сүйлөөгө уруксат сурады. Сот аны канаттандырган жок жана кийинки жолу котормочу дайындоону тапшырды. Ошол себептен сот 6-октябрга жылдырылды.    

3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эркин журналист жана активист Канышай Мамыркуловага өкүм чыкты.Райондук сот Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулган.

Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты