Энергетика министри Ибраев өлкөдөгү майнинг-фермалардагы электр энергияны өчүрүү чечими кабыл алынганын билдирди

  • 3 недели мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 24kg басылмасына берген маегинде энергетика тармагындагы жасалып жаткан иштер, тармактагы азыркы абал тууралуу сөз козгоду. Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сынына, энергетика тармагы 2010-жылдагы абалга келип калды дегенине жооп узатты. Энергетика министри өлкөдөгү майнинг-фермалардын электр энергиясын өчүрүү чечими кабыл алынганын айтты.  

Мен энергетика тармагына салым кошкондордун баарына урмат менен мамиле жасайм, анын арасында Алмазбек Атамбаевдин учурунда иштегендерге да. Ал кезде ырас эле, “Датка-Кемин” подстанциясы ишке киргизилген. Бирок энергетика деген — жандуу организм. Андан бери керектөө өстү, гидрология өзгөрдү, жоготуулар көбөйдү. Керектөө жылына 1 миллиард киловатт-саатка жакын болот. Бул жылы керектөө 20 миллиард-киловатт саат болот деп жатабыз. Он жыл мурда өлкө болгону 14 миллиард киловатт-саат керектечү. 2023-жыл менен 2025-жылдарды салыштырып болбойт, бул кнопка телефон менен смартфонду салыштыргандай эле,-деди энергетика министри.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин майнинг-фермалар тууралуу сындарына жооп берди.

-Алмазбек Атамбаев дайыма, жумшак айтканда сүйлөп алып, өз сөзүнө жоопкерчилик албаганды жакшы көрчү. Бул жагынан ал кишиге теңдеш жок.

Мына, электр энергиясы таңсык болуп турган азыркы шартта, өлкө боюнча бардык майнинг-фермалардагы электр энергияны өчүрүү чечими кабыл алынды. Бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө,- деди Таалайбек Ибраев.

-Чынын айтканда, мен бул маегибизде Алмазбек Атамбаевдин айткандарын талкуулоого арнагым келбейт. Эч кимдин, мурдагы президенттин өзүнөн башка, мурдагылардын жетишкендигин жокко чыгаргысы келбегени баарына эле байкалып турат. Бирок он жыл мурда түзүлгөн система  модернизацияны талап кылат. Энергетика бир жерде жылбай турбайт. Биз “бизге чейин жаман болгон” деген жокпуз, эми башкача болот деп жатабыз. Бул — нормалдуу көрүнүш,-деп белгиледи министр Ибраев.   

-Конструктивдүү сын ишке жардамын гана тийгизет. Бирок  Алмазбек Атамбаевдин посту тууралуу антип айта албайбыз. Мен анын айткандарын ызаланган адамдын эмоциясы катары кабыл алам.

Энергетика бул ыза менен амбицияны айта турган жер эмес. Бул жерде билим, жоопкерчилик жана 24/7 шартындагы командалык иш болуш керек. Үйлөргө жарык берүү соцтармактагы катуу сындан да маанилүү.  

Акырында мен элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырам. Биз көп нерсени баштан өткөрдүк, бул кыштан да биргелешип чыгабыз. Биз буга 100 пайыз даярбыз,- деди  энергетика Таалайбек Ибраев.  

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча сын-пикирлерине Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген. 

Анын алдында президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында элди түйшөлтүп жаткан маселелерге, анын ичинде энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолгон.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок. Бул коомчулук арасында сынга алынып, нааразылыктарды жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги электр энергиясынын «чексиз тарифин» сунуштагандарга чара көрүлүп, жазага тартылганын маалымдаган.  

Сүрөттө: Таалайбек Ибраев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты