Кышка даярдык: 2026-жылы 4,1 млрд кВтс электр энергиясы импорттолот
- 2 дня мурун
- Жаңылыктар
2026-жылга карата республика боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВтс өзүбүздөн иштеп чыгарылат. 4,1 млрд кВтс электр энергиясы импорттолот.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2026-2027-жылдардын күз, кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча өткөргөн жыйында айтылды. .
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, Жылытуу мезгилине карата аткарылган иштер жана даярдыктар боюнча Энергетика министрлигинин, Бишкек жана Ош шаарларынан мэрияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн баяндамалары угулду.
Маселен, электр энергиясын өндүрүү жана керектөөдө 2026-жылга карата республика боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВтс өзүбүздөн иштеп чыгарылат. Калган бөлүгүн, суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында 4,1 млрд кВтс электр энергиясы импорттолот.
Бул багытта МинКаб төрагасы Энергетика министрлиги, энергетикалык ишканалар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирге электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону камсыз кылуу боюнча көзөмөл жана чараларды көрүү, калк арасында энергияны үнөмдөө зарылдыгы жана алдыдагы жылытуу мезгилинде энергияны пайдалануунун тартибин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Ал эми, көмүр боюнча бюджеттик мекемелер тарабынан 319,4 миң тонна көмүр камдалышы керек.
Калк тарабынан жылдык керектөө 1483,63 миң тонна көмүрду түзөт. Отун базаларда көмүр болгону менен элдин көмүр сатып алуусу боюнча көрсөткүч төмөн экендиги айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




