Президент электр тармактарынын чексиз тарифке өтүү чакырыгына жол берилбестигин билдирди

  • 7 дней мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын калкты электр энергиясына болгон «Чексиз тарифке» өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсук баракчасында билдирди.

“Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды” деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын улуттук электр тармагы эртең менен жана кечкисин электр энергиясына убактылуу чектөө киргизе турганын билдирди.

Кыргызстандын улуттук электр тармагынын айтымында, көмөк чордондор саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин өзгөчө күч келүү менен иштейт. Ошондуктан, көмөк чордонго оорчулук келип баратса, автоматтык түрдө электр кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөтүлө турган болду. Аталган убакыттарда кубаттуу электр шаймандарды (жылыткыч, үтүк, кир жуучу машина ж.б.) бир убакта сайбай турууга чакырды. Чектөө убактылуу экени белгиленди.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты