“137 миллиард сом карызды, 25 миллиардга түшүрдүк”. Садыр Жапаров электр энергиясы тууралуу

Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында элди түйшөлтүп жаткан маселелер боюнча Фейсбук баракчасында маалымат берди. Биринчи электр энергиясына токтолду.

-Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. 5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын. 5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген,-деп жазды президент Жапаров Фейсбук баракчасында

Ошондой эле карыздар ар кандай реформа жүргүзүүнүн аркасында азайтылганын белгиледи:

«Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард сом карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк» деди президент. -Кудай буюрса, келээрки жылы мындан да толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт».

-Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз. Биз бүгүн энергияны азыраак импорттош үчүн элди үнөмдөөгө гана чакырып жатабыз,-деди Жапаров.

«Светти үнөмдөп пайдаланыңыздар. Ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер».

«Бизде электр энергиясы, эң арзан болуп чыкты«

Мамлекет башчы чет өлкөлөрдө электр энергиясынын баасы кымбат болуп, эл да ошого жараша үнөмдөп турарын билдирди. Ал эми биздеги баа баарынан арзан экенин айтты:

-Мен Европада 4 жыл жашадым. Ашыкча бир мүнөт дагы свет колдонушпайт. Дароо өчүрүшөт. Анткени ал жакта свет кымбат. Мисалы үчүн Германияда кышкы мезгилде бир кВт саат электр энергия 50 евроцент же болбосо 50 сомго чейин турат.

Ал эми Орто Азияда, мисалы Өзбекстанда, тариф керектөөсүнө жараша саналат, бир миң кВт саат колдонсоңуз, айына орточо 500 сумдан төлөйсүз, сом менен 3 сом 60 тыйын, канча көп электр энергиясын колдонсоңуз, ошончого тарифи өсөт. Ал эми Казакстандын Алматы шарында минималдуу электр энергияга болгон тариф 30 теңгеден 50 теңгеге чейин, сом менен 5 сомдон 8 сомго чейин. Бизде Кыргызстанда болгону — 1 сом 37 тыйын. Албетте, ал жактарда эмгек акы жогору дешиңиздер мүмкүн. Ошол жогорку эмгек акылар жана ал жактарда жашоого болгон баалар менен салыштырып көрсөк, ошондо деле бизде свет эң арзан болуп чыкты,-деп билдирди Садыр Жапаров.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок. Бул коомчулук арасында сынга алынып, нааразылыктарды жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты