“Чексиз” тарифинин чыры. Сунуштагандарга чара көрүлдү  

  • 1 месяц мурун

Энергетика министрлиги электр энергиясынын «чексиз тарифин» сунуштагандарга чара көрүлүп, жазага тартылганын маалымдады.  

Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн колдонууга чакырык жасоо демилгеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коому тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөндүгүн билдирди.

Энергетика министрлиги “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коомунун жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү боюнча Кыргызстан улуттук электр тармактар ишканасынын директорлор кеңешине кат колдогон.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңеши башкы дирекциясынын төмөнкү мүчөлөрүнө тартиптик чара көрүү боюнча буйрук чыгарды:

-«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» башкы директору Илгиз Сыдыгалиевге  сөгүш,  

-Башкы директордун коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбекке сөгүш берилди;

— Электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И. Орозбаев кызматынан бошотулду.

Энергетика министрлиги электр энергиясынын тартыштыгын жана коомдук нааразычылыкты эске алуу менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылганын билдирди.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок. Бул коомчулук арасында сынга алынып, нааразылыктарды жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты